Сапар Исаков: Тогуз-Торо районунун акими иштен алынат

16:31, 11 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов иштен алынат. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков парламенттин КСДП фракциясынын жыйынында маалымдады.

Анын айтымында, аким ахыбалды көзөмөлдөп, алдын-ала алган жок.

“Ал жерде күнөөлүүлөр жазасын алат. Ким болбосун мыйзам алдында жооп берет. Негизи туура эмес маалымат берип, элди дүрбөтүп жатышат. Анткени, фабриканын курулушу декабрь айында эле токтотулган” – дейт ал.