20:17
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Төрт жыл аралыгында Кыргызстанда 400 өспүрүм өз жанын өзү кыйган

Кыргызстанда 2014-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта 400 өспүрүм өз жанын өзү кыйган. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай кырдаал 2014- жылы көп катталып, 106 өспүрүм өз жанын өзү кыюуга барган. Ал эми акыркы үч жыл аралыгында статистика 90дун тегерегинде кармалууда.

Суициддин себеби үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн, ден-соолугуна байланыштуу жана социалдык-экономикалык маселелерден улам келип чыгат.

Учурда Билим берүү министрлиги суицидди алдын алуу максатында сергек жашоого багытталган 6-11-класстар үчүн атайын программа иштеп чыккан.

Ал эми 2018-жылдан башынан бери Ат-Башыда, Кара-Сууда райондорунда жана Талас облусунда балдар арасында өз жанын өзү кыюу фактылары катталган.

2014-2017-жылдар аралыгында өспүрүмдөр арасында өз жанын өзү кыюу динамикасы:

Чүй облусунда 2014-жылы 18, 2015-жылы 24, 2016-жылы 21, 2017-жылы 13;

Жалал-Абад облусунда 2014-жылы 26, 2015-жылы 19, 2016-жылы 16, 2017-жылы 16;

Ош облусунда 2014-жылы 16, 2015-жылы 15, 2016-жылы 17, 2017-жылы 19;

Ысык-Көл облусунда 2014-жылы 12, 2015-жылы 12, 2016-жылы 12, 2017-жылы 12;

Баткен облусунда 2014-жылы 6, 2015-жылы 5, 2016-жылы 6, 2017-жылы 15;

Нарын облусунда 2014-жылы 6, 2015-жылы 7, 2016-жылы 8, 2017-жылы 9;

Талас облусунда 2014-жылы 7, 2015-жылы 2, 2016-жылы 5, 2017-жылы 5;

Ош шаарында 2014-жылы 3, 2015-жылы 2, 2016-жылы 2, 2017-жылы 0;

Эң көп окулган жаңылыктар