09:03, 11 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
9-апрель күнү Бишкек шаарынын 42 жаштагы И.Г. аттуу жашоочусу Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, Лебединовка айылындагы үйүнө бейтааныш эркек киши кирип, колундагы бычагы менен арыз ээсин коркутуп, анын «Самсунг жана Айфон» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун алып, окуя болгон жерден изин жашырып кетүүгө аракет кылганын билдирген.
Бирок, жабырлануучу туугандарынын жардамы менен шектүүнүн качып кетүүсүнө мүмкүндүк беришпей, милицияга телефон чалышкан. Кармалган жаран 27 жаштагы К.А. аттуу Ысык-Көл облусунун тургун экени аныкталган.
Окуя болгон жерден далил заттар алынып, чогултулган материалдардын негизинде Аламүдүн районунун тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.