Жашы 80ге жакындап калган эне Нарын дарыясына боюн таштады

15:24, 10 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

78 жаштагы эне Нарын дарыясына боюн таштады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, саат 9:25 чамасында Нарын райондук ИИБнын кызматкери Жаныбек Асанбеков Нарын суусуна агып бара жаткан энени куткарып калган. 1940-жылы туулган Нарын шаарынын К.И. аттуу тургуну белгисиз себептерден улам өзүн-өзү өлтүрүү максатында Нарын суусуна түшүп кеткен. Анын мындай аракетине эч ким күнөөлүү эместигин кошумчалаган.