Кыргыз-түрк ооруканасы 3 жылдан кийин кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет

15:05, 10 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Түркия өкмөтү менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда Саламаттык сактоо жана медицина тармактарындагы кызматташтыкка тиешелүү келишимди жактырды.

Келишимге ылайык, Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк Достук ооруканасынын ачылышы, анын бирдиктүү иштелиши жана кыргыз тарапка өткөрүлүп берилиши, кыргыз жарандарынын Түркияда медициналык адистиктер боюнча билим алуусу боюнча чаралар камтылган.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, оорукана 3 жыл биргелешип пайдаланылган соӊ кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет.

«Ошону менен бирге, түрк тарап оорукананын ишине байкоо жүргүзүү жана тескөө иштерин уланта бермекчи. Ошондой эле, 3 жыл аралыгында башкы дарыгер түрк тараптан, ал эми анын орун басары кыргыз тараптан дайындалат», — дейт ал.

Андан тышкары, түрк тарап эмгек акы төлөө үчүн 19 миллион доллар каражат бөлө турганы белгилүү болду. Ал эми арткан акча оорукананын эсебинде кала берет. Жылына 20 дарыгер жана 5 мектептин бүтүрүүчүсү бекер окутулат. Алар окуп келгенден кийин 3 жыл оорукананын өзүндө иштөөгө тийиш.