21:16
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Эрдоган Жээнбеков менен жолугушууда «гүленчилер» темасын козгоду

Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 9-апрелде Анкара шаарында жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык, кыргыз-түрк мамилелерин талкуулады. Эрдоган жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында «Кыргызстан -Түркия үчүн өзгөчө өлкө» деп билдирди.

Түрк президенти ошондой эле өз сөзүндө «2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетинин артында турат» деген диниятчы Фетхулла Гүлендин кыймылы «Кыргызстан үчүн да кооптуу экенин» айтып, кыргыз президентин аларга чара көрүүгө чакырды.

«Биздин жакын кызматташтык, тилекке каршы, 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин ар түрдүү сыноолорго туш келди. ФЕТО өзүнүн таасири астындагы кишилер аркылуу ушул кызматташтыгыбызды ууландырууга жана бузууга аракет кылды. ФЕТО мүчөлөрү жана ага жакшы карагандар Түркия менен Кыргызстандын ортосунда ар түркүн чагым салганга аракет кылды. Президент Жээнбековдун бүгүнкү сапары ФЕТОнун бул аракеттерине каршы эң жакшы жооп деп ойлойм. Ушул себептен муну баса белгилеп кетейин. Түркия ФЕТОнун акыркы мүчөсү мыйзам алдында жооп бергенге чейин өлкөнүн ичинде жана тышында бул уюмга каршы күрөшүн улантат. 551 жараныбыздын канын төккөн, дагы 29 жараныбызды өлүмгө учураткан бул мыкаачылардын колдорун бош коюп эркин жүрүшүнө жол бербейбиз. Кайда качса да, кайсы ийинге кирсе да аларды кулагынан кармап, укук коргоочуларга тапшырабыз. Түркиядагыдай эле Кыргызстан үчүн да коркунуч болуп турган бул уюмдун башчыларын кармап, тамырын жулуу президенттер катары биздин моюнубуздагы милдет болуп эсептелет. Бул уюм бүгүн бизге кылганын эртең Кыргызстанга да жасайт. Бетме-бет жана делегациялар ортосунда болгон жолугушууларда да ушул темаларды карап чыктык» , -деди ал.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков «гүленчилер» боюнча басма сөз жыйынында эч кандай пикирин билдирген жок.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек бул талапка кескин каршы жооп берген жана түрк лицейлери өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч келтирбей тургандыгын билдирген. Эки өлкөнүн мамилеси ошондон кийин сууй түшкөн.

«Себат» билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Кыргыз бийлигинин чечими менен ал «Сапат» болуп өзгөргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар