Бишкекте жол кырсыгынан 5 киши жабыркады

10:13, 10 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жол кырсыгынан 5 киши жабыркады. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, Манас проспекти менен Горький көчөсүнүн кесилишинен катталган. Жол кырсыгынын кесепетинен 5 адам жабыркаган, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.