Майлуу-Суу суусунан 21 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды

10:05, 10 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Майлуу-Суу суусунан 21 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгон киши 21-жаштагы М.А. аттуу жаран экени аныкталган. Куткаруучулар жансыз денени суудан алып чыгып, иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн милиция кызматына өткөрүп беришкен.