Реджеп Тайып Эрдоган Сооронбай Жээнбековду бир тууганым деп атады

08:48, 10 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Түркия президенти Реджеп Тайып Эрдоган мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду бир тууганым деп атады. Бүгүн эки өлкө президенттери маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасады.

"Менин ардактуу бир тууганым Түркияга биринчи расмий иш сапары менен келди. Кыргызстан биз үчүн өтө маанилүү. Биздин ишкерлердин инвестициялары бар. Үч миңден ашуун студент акысыз билим ала алды",- деди Реджеп Тайып Эрдоган.

Ошондой эле ал, Түркия Кыргызстанын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган мамлекет экенин баса белгиледи.