15:11, 06 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
«Арча-Бешик» жаңы конушунда 30 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, аялдын артында үч баласы калган. Учурда алар туугандарынын үйүндө. Кылмышка шектүү катары М.М. аттуу 25 жаштагы жаран кармалды. Учурда ал камакка алынып тергөө иштери жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, 5-апрелдин таңында «Арча-Бешик» жаңы конушунда аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.Окуя катталган жерге келген милиция кызматкерлери киши колдуу болуп өлгөн аялдын жансыз денесин тапкан. Маркумдун өздүгү такталып, ал 30 жата экени аныкталган.