03:43
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Түштүк Кореянын мурдагы президенти 24 жылга кесилди

Сеулда сот Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хени 24 жылга түрмөгө кести. Ал жемкорлук, кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана коммерциялык компаниянын кызыкчылыгын коргоо боюнча күнөөлүү деп табылды.

Мамлекеттик айыптоочу 66 жаштагы Пак Кын Хени 30 жылга эркинен ажыратып, 110 миллион доллар айыппул салууну сураган.

Мурдагы президент бардык айыптоолорду четке какты. Ал сотко келген жок. Соттук отурум түштүк кореялык телеканалдан түз эфирде көрсөтүлдү.

2017-жылы 10-мартта Түштүк Кореянын конституциялык соту бир добуштан Пак Кын Хени президенттик кызматтан түшүргөн. Импичмент жараяны президенттин жакын досу коррупциялык жаңжалга катышканы ачыкка чыккан соң, 2016-жылы декабрда башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби