16:57
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Ата-Мекен» экс-президентке курулган үй боюнча текшерүүнү талап кылат

Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясы мурдакы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин акчасына мамлекеттик резиденцияга үй курган Президенттин иш башкармалыгын текшерүүнү талап кылды. Бул тууралуу депутат Каныбек Иманалиев фракциянын жыйынында билдирди.

Башкы прокурордун орун басары Боконбай Казаковдун айтымында, үйдүн мурдакы президенттик акчасына курулушу боюнча эч кандай документ жок.

«Анда иш башкармалыкыты текшериш керек. Болбосо Ширшовдон, же Маевскийден акча алып үйлөрдү кура берели» — дейт ал.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына экс-президент үчүн атайын дача курулган. Ага Алмазбек Атамбаев өз акчасын сарптаганы айтылды. Бул боюнча Алмазбек Атамбаев 31-марттагы маалымат жыйында үй мамлекетке белеги экенин айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума