Бүгүн республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн каттоодон өтүүнүн акыркы күнү

10:27, 06 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Жалпы республикалык тестирлөөгө катышууну каалагандары каттоо бүгүн аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, каттоо 15-февралда башталган. 2018-жылы орто мектепти же кесиптик лицейлерди аяктагандар тестке катышуу үчүн окуган жеринде каттоодон өтүшөт.

Каттоодон өтүү үчүн паспорт, 3×4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт, тестке катышуу үчүн төлөмдүн квитанциясы талап кылынат. Негизге тестке алынуучу төлөм 320 сом болсо, ар бир кошумча тест үчүн 320 сомдон төлөнөт. Былтыркы жылы окууну аяктагандар дагы тестке катыша алат.