Кыргызстандыктар 9- апрель күнү эс алат

10:16, 06 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

7- апрель Элдик апрель революциясынын күнү ишембиге туш болгондуктан дүйшөмбү эс алуу күнү деп табылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар 7, 8 жана 9- апрель күндөрү күн эс алат.

Мындай тартип беш күндүк иш график менен иштеген бюджеттик мекемелер үчүн киргизилген.