Жал кичи районунда үч унаа сүзүштү

09:44, 06 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектин Жал кичи районундагы Масалиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинен үч унаа сүзүштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы билдирди.

Кырсык 6- апрелде болжол менен саат 00:30 чамасында катталган. Учурда себептерин аныктоо иштери жүрүп жатат.