Таласта кафеден өрт чыкты, адам жабыркады

17:29, 05 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

4-апрель күнү Талас шаарында жайгашкан «Бермет» кафесинен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Өрттүн кафенин 300 чарчы метр жерине жайылып, анын кесепетинен муздаткыч, аристон, газ плитасы күйүп кеткен.

Ошондой эле 1991-жылы туулган А.Н. аттуу жарадар болуп, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Өрттүн электр жабдууларын пайдаланууда өрт коопсуздугу сакталбагандыктан улам келип чыккан.