13:10
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

«Райым миллион»: Мени кызматка Алмазбек Атамбаев менен Икрам досум көрсөткөн

«Райым миллион» деген лакап атка ээ болгон Раимбек Матраимов мурдакы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин сынына жооп берди. Бул тууралуу ал жергиликтүү гезиттерге берген маегинде билдирди. 

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев менен мамилеси жакшы болгондуктан, анын сынын түшүнбөйт.

«Мен КСДП партиясы үчүн жакшы эле эмгек кылып келдим. 2015-жылы Икрам досум жана Алмазбек Атамбаевдин жардамы менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалдым» — дейт ал.

Раим Матраимов анын учурунда Бажы кызматы планды ашыгы менен аткарылып, бюджетке киреше алып келип турганын айтат.

«2017-жылдын мен иштеген ой айында бажы төлөмдөрүнөн 27 миллиард 700 миллион сом түштү. Бул пландан 295 миллион сомго ашыкча болду» — дейт ал.

Эскерте кетсек, 31-мартта маалымат жыйында Алмазбек Атамбаев Раим Матраимов анын буйругу менен кызматтан алынганын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар