10:11
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Араванда 15 жашар небересин турмушка берген аял шарттуу түрдө кесилди

Араван райондук соту 15 жашар небересин турмушка берген 57 жаштагы аялды шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ош облустук соту билдирди.

Аталган факт боюнча «Жашы жете электи кылмыш жасоого үндөө» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Аял небереси кош бойлуу болуп калгандыктан, ушундай кадамга барган.

Ал сотто күнөөсүн толук мойнун алган жана небереси менен күйө баласы сүйлөшүп жүргөндүктөн экөөнүн башка кошуусуна мүмкүнчүлүк түзгөнүн билдирген.

Ал эми небереси А. Е. сотто кош бойлуу болуп калгандыктан өз каалоосу менен турмушка чыкканын айткан. Сот аялды күнөөлүү деп таап, аны шарттуу түрдө 3 жылга кескен.

Эң көп окулган жаңылыктар