09:01, 05 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
Түркиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Женгиз Камил Фырат ишке киришти. Аны кечээ Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков кабыл алгандын парламенттин басма сөз кызматы маалымдайт.
Женгиз Камил Фырат мамлекеттер аралык кызматташтыкты арттыруу үчүн бардык зарыл болгон аракетти көрүүгө даяр.
Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 400 миллион долларды түзөт.
Мурдакы элчи Кылыч Метиндин мөөнөтү күзүндө аяктаган. Ал эки тараптуу алаканын өнүгүшүнө алгылыктуу салым кошту. Ошону менен бирге элчи Кыргызстандан «Сапат» билим берүү борборлорун иштеп жаткандыгына жана Феттуллах Гулендин тарапташтарын кабыл алуусуна нааразычылыгын билдирген.