20:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

АКШ Сириядагы аскерлерин дагы үч жылга калтырат

Дональд Трамп АКШнын Сириядагы аскерлерин үч жылга чейин калтырууга макул болду. Кошмо Штаттардын президенти муну Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынында тастыктап, Вашингтон Сирия алдында узак мөөнөттүү милдеттенмелерди алгысы келбегенин белгиледи. Бул тууралуу Reuters кабарлады.

Буга чейин Трамп америкалык аскерлерди Сириядан алып чыгып кетүүнү каалай турганын билдирип, бирок кандайдыр бир мөөнөт тууралуу ооз ачкан эмес. Президенттин кеңешчилери анын бул ниетин сынга алышкан. Алардын көз карашында, «Ислам мамлекети» террордук тобун жок кылуу көп ишти талап кылат. Мамлекеттик департамент жана АКШнын Коргоо министрлигиндеги аткаминерлер дагы бул пикирди колдошот.

Бул арада Иран президенти Хасан Роухани Орусия, Түркия жана Иран каршылаштардын аракетине карабай, Сириянын аймактык ажырымына жол бербей турганын билдирди.

Ал америкалыктар менен израилдиктер Сирияны бөлүп-жарып, террорчуларга башкартууну каалашат деп айтты. «Биздин аймакта географиялык конфигурация өзгөрбөшү керек» , деди Роухани.

Январдын соңунда түрк аскерлери күрт кошуундарына каршы Сирияда «Зайтун бутагы» деген операция баштаган. Анын жүрүшүндө Манбидж калаасы көзөмөлгө алынышы керек болчу. Анкара Вашингтондон аскерлерин шаардан чыгарууну сураган, бирок АКШ баш тарткан.

Түрк бийлиги Күрддөрдүн элдик коргонуу кошуунун террорчулардын шыкакчылары деп эсептейт. Күрд кошуундары АКШ коалициясынын жетекчилиги алдында «Ислам мамлекетинин» жихадчыларына каршы согушууда.

АКШ жетекчилиги алдындагы эл аралык коалиция Сириядагы террорчуларга каршы 2014-жылдан бери күрөшүүдө. Америкалык аскерлердин саны эки миңдей кишини түзөт. Коалиция сирия демократиялык оппозициясын колдойт.

Эң көп окулган жаңылыктар