«Көк-Жарда» жаран мектеп окуучусун зордуктоого аракет кылган

17:17, 04 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

«Көк-Жарда» жаран экинчи класстын окуучусун зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, киши кызды ата-энеси акча берип жиберди деп алдап ээн жерге чакырып, аны зордуктоого аракет кылган. Жакын жерден кимдир бирөөнүн үнүн угуп качып кеткен.

Кыз окуя тууралуу ата-энесине кабарлап, милицияга кайрылышкан. Бирок кыз жабыркабагандыктан, ата-энеси арыз жазуудан баш тарткан.