16:48, 04 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
УКМК эл аралык террорчулук уюмдардан окутуудан өткөн кишини кармалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Ал Сирия-Ирак аймагынан Кыргызстанга согушкерлердин кирүү аракетин алдын алуу максатында жүргүзүлгөн террорчулукка каршы иш-чаралардын негизинде кармалган.
«Ал Сирия өкмөтүнүн аскерлерине каршы согушканы аныкталды. Учурда «Жалданмачылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат », - деп маалымдайт УКМБ.