17:14
USD 69.11
EUR 81.33
RUB 1.04

Мамлекеттик символдордун авторлоруна дагы эле күбөлүк жана төш белги бериле элек

Кыргызстандын мамлекеттик символдорунун авторлоруна автордук күбөлүк жана төш белгиси берилген эмес. Бул тууралуу журналист Элнура Кулуева Facebook баракчасына жазып, премьер-министр Сапар Исаковго кайрылды.

Ал өкмөт башчысынан туу, герб жана гимндин авторлорун кастарлап, улуттук символдорду аздектеп күбөлүк тапшырып коесун өтүнөт.

«25 жылдан бери мамлекеттин символдордун авторлоруна автордук күбөлүк жана төш белги берилген эмеспи?»-деп аябай таң калат болушуңуз керек. Анткени баардык өлкөлөрдө автолорго күбөлүк жана төш белги берилет», — дейт ал.

Эскерте кетсенк, туунун авторлору Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков. Ал эми А. Абдраев менен С. Дубанаев гербди түзүшкөн. Өлкөнүн гимнинин сөзү Жалил Садыков менен Ш. Кулуевге, музыкасы Насыр Давлесов менен Калый Молдобасановго таандык.

Эң көп окулган жаңылыктар