Ымыркайларды каттоо. Төрөлгөн ар бир балага жеке номур ыйгарылат

10:26, 04 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Парламент бала төрөлгөндө мамлекеттик каттоого алып, өздүк персоналдык номерди ыйгарууну киргизүүнү сунуштайт. Бул тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш бүгүн 2-окууда добуш берүүгө жиберди.

Мыйзам долбоору Үй-бүлө кодексинин жана жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин Конституцияга ылайык келтирүүгө, ошондой эле жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды инвентаризациялоону, өркүндөтүүнү жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга багытталган.