16:46, 03 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков «Ала-Тоо» берүүсүнүн диктору Чынара Капарованы кайра жумуш ордуна алууну убадалады. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.
Анын маалыматында, учурда КТРКнын жумуштан айдалган 10 кызматкери жетекчилик менен соттошууда.
«Бул мекеме, уюмдарда кадимки эле көрүнүш, себеби ар-бир кызматкер жетекчинин чечими менен макул болбостон сотко кайрылууга укугу бар. Бул сапар сот Капарованын пайдасына чечти. Мен албетте соттун чечимин мыйзамдуу түрдө дагы, жарандык милдетим боюнча дагы сыйлам. Азырынча соттун чечими бизге расмий келе элек, келер замат кынтыксыз толугу менен мыйзам чегинде аткарыларын билдирем» — дейт ал.
Коомдук каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков 2016-жылы Капарова маркум Эл акыны Сүйүнбай Эралиевди «Эл баатыры» деп эфирде туура эмес тааныштырганы үчүн иштен алган.