«Ала-Тоо» ресторанында тойдо келин менен кайынэнеси да ууланды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы даарыгери Артур Буюклянов билдирди.
1-апрелде үлпөт тойдо уулангандардын саны 198 кишиге жетти. Анын жетөө жаш балдар.
Ресторанга айып салынып, убактылуу жабылды. Кайсы тамактан ууланганы текшерилүүдө.