«Ала-Тоо» ресторанында тойдо келин менен кайынэнеси да ууланды

14:01, 03 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

«Ала-Тоо» ресторанында тойдо келин менен кайынэнеси да ууланды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы даарыгери Артур Буюклянов билдирди.

1-апрелде үлпөт тойдо уулангандардын саны 198 кишиге жетти. Анын жетөө жаш балдар.

Ресторанга айып салынып, убактылуу жабылды. Кайсы тамактан ууланганы текшерилүүдө.