Ак калпакты шылдыңдагандарга айыппул салынат. Бул боюнча Административдик кодекске өзгөртүүнү Жогорку Кеңештин депутаттары Экмат Байбакпаев жана Бакирдин Субанбековдор сунушташууда.
Алар Кодекстин «Тарыхый-маданий мурастарга кол салуу административдик укук бузуу» болун саналары тууралуу 117-беренеге «Ак калпакты мыскылдоо...» деп толуктоо киргизишүүдө.
Бул беренени бузгандар 20 эсептик көрсөткүч менен (20 миң сомго) жазаланат.
Буга чейин Экмат Байбакпаев калпактын улуттук баш кийим катары макамын көтөрүүнү сунуштаган.