«Ала-Тоо» рестораны жабылып, директоруна айып салынды

17:14, 02 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Үйлөнүү тойдо катталган массалык уулануунун себеби аныкталганча

«Ала-Тоо» ресторанын убактылуу жабуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдирди.

2-апрелге карата алынган маалыматка ылайык, тамактан уулангандардын саны
173 кишиге жеткен. Алардын 150сү Бишкекте болсо, 23 киши башка аймактарда.

Текшерүүнүн жыйынтыгында административдик укук бузуу боюнча протокол толтурулуп, «Датес» ишканасынын («Ала-Тоо» рестораны) директору Бакыт Өмүрбаевге жана ресторандын башкы ашпозчусу Г.Шеримбековага 25 миң сом айып салынды.