02:11
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Депутат айдоочуларды кичи автобустардын ордуна эл ташууга чакырат

Бүгүн кичи автобустардын ордуна жеңил ууналар жолго чыгат. Жогорку Кеңештин депутаты Марлан Маматалиев «Бири бирибизге жардам берели» акциясын баштаганын Facebook баракчасында билдирди.

Ал кечки 17.00-20.00гө чейин маршруткалардын каттамы менен 100дөй жеңил ууна элди жеткирүүгө даяр турганын маалымдады. Машиналардын алдынкы терезесине каттамдардын номуру жазылат.

«Башка айдоочуларды дагы бизге кошулууга чакырабыз. Шарты жокторго эски аянтта күйүүчү май берилет» — дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн кичиавтобустар иш таштап,  жүргүнчүлөрдү ташуудан баш тартышты. Алар жол кирени көтөрүү, камсыздандыруу маалымдамасын жокко чыгаруу жана башка бир топ талаптарды коюуда.

Эң көп окулган жаңылыктар