Өткөн ишемби күнү мурдакы президент Алмазбек Атамбаев төрт айлык эс алуудан кийин эл алдына чыгып, маалымат жыйын өткөрдү. Бул күнү ал 2011-жылы президент болгондон кийин тапшырган ордуна кайтып, КСДПга төрага болуп шайланды.
Маалымат жыйында партия лидери Сооронбай Жээнбековдун бийлигин сындап өттү. Аны менен экөөнүн ортосундагы тирешүү боюнча сөздөр ырасталды десек болот. Акүйдүн маалымат катчысы Толгонай Стамалиева «24.kg» агентигине президент Алмазбек Атамбаевдин айыптоолоруна жооп бербестигин билдирди.
Сооронбай Жээнбековдин пикирин Алмазбек Атамбаев билет
«Алмазбек Атамбаевдин сөзү Сооронбай Жээнбеков үчүн күтүүсүздүк болгон жок. Баардык маселелерди ал экөө курултайга эки күн калганда талкуулашкан. Анда экөө тең өз пикиринде калышкан. Жыйынтыгында мурдакы өлкө башчысы өзүнүн таарынычын элге жарыялап олтурат. Экс-президенттин эмоционалдуу билдирүүлөрүнө жооп берүү, же билдирүү жасоонун кереги жок деп ойлойбуз» — дейт Толгонай Стамалиева.
Кимдин кадрлары мыкты
«Мен учурунда Коопсуздук кеңешине Темир Жумакадыровду алып келдим. Ал баш иштеген кызматкерлерди алды. Ал азыр кимдер иштеп жатат» — деди Алмазбек Атамбаев.
Реформаны бир гана ички иштер министри Улан Исраилов жүргүздү. Эми аны дагы жеп койгону жатышат.
Алмазбек Атамбаев
Кышка чабал даярдыкка ким күнөөлүү: Исаковду, же Жээнбековбу?
«Сапар Исаков 2017-жылдын 28-августунда дайындалды. Ал кышка даярдыкты жүргүзгөн жок. Кышка даярдыкты ага чейинки өкмөт көргөн» — дейт Алмазбек Атамбаев.
Белгилей кетсек, Сапар Исаковго чейин министерлер кабинетин Сооронбай Жээнбеков жетектеген. Ал эми Толгонай Стамалиеванын айтымында, 2017-2018-жылга кышка даярдыкка Сооронбай Жээнбеков катышкан эмес.
Сооронбай Жээнбеков 2016-2017-жылкы кыш үчүн жоопту. Анда кыш узак жана катуу болду. Бирок, Токмоктогу балдар үйүндөгү ЧПны эске албаганда өзгөчө кырсык болгон эмес
Толгонай Стамалиева
«Бишкек жылуулук станциясындагы» кырсыкка Жээнбеков жооптуубу?
«Мен дагы унчукпадым, Сапар Исаковду дагы унчукпа дедим. ЖЭБти модернизациялоо иши Жээнбековдун премьерлиги кезинде жүрүп, акча бөлүнгөн. Ага күнөөлүүлөр болсо тапсын, жазаласын» — деди Алмазбек Атамбаев.
Акүйдүн пикиринде, кышындагы ЖЭБтеги кырсыкка күнөөлүүлөр депутаттык топтун иликтөөсүнүн жыйынтыгында билинет.
ЖЭБди модернизациялоо боюнча тендерге 2013-жылы кол коюлган. Ал кезде Сооронбай Жээнбеков Ошту жетектеген. Ал эми аны ачуу аземи 2017-жылдын 30-августта өттү. Бул кезде Сооронбай Жээнбеков шайлоо өнөктүгү менен жүргөн. Ал 21-августта ордун тапшырып кетти.
Толгонай Стамалиева
Үй-бүлө, достук жана инисинин мандаты
Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында Сооронбай Жээнбековдун иниси Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керектигин да белгиледи. Ал аны менен «Айкөл — Ала-тоо» коомдук бирикмесинин жетекчиси Мээрбек Мискенбаевдин талабын колдорун ачыктады.
Айта кетсек, Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырбастыгын, Мээрбек Мискенбаев чагымчы экендигин айткан.
Экс-президенттин айтымында, Жээнбековдун үй-бүлөсү бийликти колго алууда.
«Үй-бүлөнү көкөлөтүүнүн зарылчылдыгы жок. Бул жол Акаев менен Бакиевдин жолуна алып келет. Мен бул тууралуу Жээнбековго катуу айттым» — дейт мурдакы өлкө башчысы.
Андан тышкары, президент Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовду иштен алуу буйругун бергендигин мойнуна алды.
Мен Сапар Исаковго буйрук бердим... Жемкорлукка каршы күрөшөм деген адамда «раим миллион» сыяктуу достору болбошу керек
Алмазбек Атамбаев
Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков 9-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында жемкорлук каршы катуу күрөш башталарын айтып, сот, прокуратура, ИИМ, УКМКнын ишин сандар менен сынга алган. Президенттин сөзүн коомчулук колдоп, эл арасында аброю көтөрүлө түштү.
КСДП лидери Жээнбековдун Коопсуздук кеңешиндеги сөзүн сындап, жемкорлук менен күрөш жана сот реформасын ал жүргүзгөнүн, жыйында президентке башка текстти берип коюшканын айтты.