15:10, 02 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
Үйлөнүү тойдо такмактан уулангандардын үчөө Бишкектин жугуштуу оорулар ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Узакбаева билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, кайра жандандыруу бөлүмүндө кармалып жаткан эне баланын абалы турукташып, палатага которулган.
Эскерте кетсек, «Ата-тоо» ресторанында өткөн үйлөнүү тойдогу тамактан ууланып, 100 киши Бишкектеги жугуштуу оорулардын ооруканасына жаткырылган. Алардын 19 балдар.