Юстиция министри Уран Ахметов кызматтан кетүү арызын берди

14:12, 02 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Юстиция министри Уран Ахметов кызматтан кетүү арызын берди . Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өкмөттөгү жеке булактар билдирди.

Маалыматты өкмөттүн аппаратынын дагы тастыктады. Ал кызматтан кетүү арызын өз каалоосу менен жазган.

«Премьер-министр Сапар Исаков, Уран Ахметовдун арыздын кабыл алды», — деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

Буга чейин министр Жогорку Кеңеш тарабынан бир нече жолу сынга кабылган. Акыркы жолу ага мыйзам долбоорунда кетирилген катар тууралуу катуу сын айтылган.