Бишкекте батирлердин биринен 70 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-апрель күнү куткаруучулар 5-кичи районунун № 80- үйүнүн 35-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинде 1948-жылы туулган Ф.С.А. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Жансыз дене ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.