Европадан Борбор Азияга синтетикалык маңзат ташыгандар кармалды

10:52, 02 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Европадан Борбор Азияга синтетикалык маңзат ташыгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Бишкекке жана Чүй облусунун аймагына ири көлөмдөгү кубаттуу синтетикалык «Альфа-ПВП» затын сатып жаткан жерден колго түшкөн.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.