17:48, 30 марта 2018, Бишкек - 24.kg
«Ак-Ордодо» мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыздын иши боюнча шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Кыздын өздүгү такталып, ал Н.А. аттуу 26 жаштагы Таластын тургуну экени аныкталган. Иликтөө иштеринин натыйжасында милиция кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Т.Б. аттуу Бишкектин тургунун кармаган.
Эскерте кетсек, өздүгү белгисиз, азиат улутундагы кыздын жансыз денеси 24- мартта, саат 14:30 чамасында Ак-Ордо жаңы конушунун 206 участкасында табылган. Ал адам колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталган.