06:41
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сузакта «Селсаяк » деген аталыштагы рейд өткөрүлүүдө

Сузакта «Селсаяк» деген аталыштагы рейд өткөрүлүүдө. Бул тууралуу райондук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Иш чаранын алкагында районунун борборунда жайгашкан дүң соода-сатык борборлорунда, базарларда текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан уюштурулган бул иш-чара жаш өспүрүмдөрдүн селсаяктык кылып көзөмөлсүз калган, жашоо шарттары начар абалда болуп, мектепте билим албай калгандарын көзөмөлгө алууга багытталган.

Андын сырткары, рейд учурунда башка райондордон, шаарлардан келип, селсаяктык кылган жаш өспүрүмдөрдү аныктап, тиешелүү мамлекеттик органдарга маалыматтар жөнөтүлмөкчү.

Рейддин алкагында жергиликтүү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан калк жыш жайгашкан жерлерде жол кыймылынын эрежелерин тартипке салуу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар