Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Өрткө каршы күрөшүү кызматына 8 атайын машина сатылып алынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев билдирди.
Анын айтымында, өрткө каршы күрөшүү кызматынын абалы оор.
«Азыр 15-17 кабаттуу үйлөр курулууда. Бишкек шаарында анын башкы кабытына жете турган бир гана машина бар, Ошто жок», — дейт Аскарбек Шадиев.