Жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук автобустар текшерилип, айып салынды

10:15, 30 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук автобустардын техникалык абалы текшерилди. Бул тууралуу Унаа жана байланыш министрлиги билдирди.

Рейдди Бишкектин жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы, ошондой эле Унаа жана байланыш министрлиги уюштурду. Иш чаранын жыйынтыгында 22 административдик протокол, 19 акт түзүлүп, 12 айдоочуга айып салынды. 4 кичи автобус айып пул төлөөчү жайга токтотулду.