08:58, 30 марта 2018, Бишкек - 24.kg
2017-жылы Кыргызстанга чет элдик туристтерден 418,2 миллион доллар киреше түшкөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мындай көрсөткүч мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,6%га көп.
Жогорудагы сумманын 363,7 миллион доллары же 0,2%ы КМШ мамлекеттеринен түшсө, 54,5 млн доллар же 3,4% каражат башка өлкөлөрдөн түшкөн.