08:27, 30 марта 2018, Бишкек - 24.kg
Орусия мурдагы тыңчы Сергей Скрипаль менен анын кызын ууландырууга айыптап жаткан өлкөлөрдүн дипломаттарын чыгаруу менен жооп кайтарат. Бул тууралуу Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров билдирди.
Негизинен Орусиядан 60 америкалык дипломат чыгарылат, алардын 58и Москвада, экөө Екатеринбургда иштеген. Аларга өлкөдөн 5-апрелге чейин чыгып кетүү талабы коюлду. Мындан тышкары эки күн ичинде АКШнын Санкт-Петербургдагы башкы консулдугу жабылат.
Британия, АКШ, Евробиримдиктин бир нече өлкөсү, Канада, Норвегия, Албания, Македония жана Украина жалпысынан 140тай орусиялык дипломатты чыгарганы жатат.
Кремль бардык дооматтарды четке кагууда жана ошондой эле жооп кайтаранын билдирген.