08:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Алмазбек Атамбаевге атайын үй салынды

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Алмазбек Атамбаевге атайын үй салынды. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Алардын маалыматында, мурдакы президентке үйгө 89,3 миллион сом жумшалды. Анын 77,8 миллион сомун Алмазбек Атамбаев өз чөнтөгүнөн чыгарды.

Президенттин иш башкармалыгынын билдирүүсүндө, «президенттин ишинин кепилдиги» тууралуу мыйзамга ылайык Алмазбек Атамбаевге резиденциядан үй бөлүнүшү керек. Бирок, бош үй жок болгондуктан, жаңыны куруу чечими кабыл алынды.

Үйдүн жалпы аянты — 301,8 чарчы метр, анын 141,6 чарчы метринде эки уктоочу бөлмө, иш бөлмөсү жана конок үйү жайгашат.

Мамлекеттик резиденциянын аймагындагы турак үй президентке түбөлүк колдонууга берилет. Бирок, аны менчиктештирүүгө болбойт.

Эң көп окулган жаңылыктар