08:19
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өмүрбек Бабанов: Эч качан бийликти басып алуу ниетим болгон эмес

«Менин, менин партиялаштарымдын жана тарапташтарымдын эч качан бийликти басып алууга, же мыйзамсыз иштерди жасоо ниетибиз болгон эмес» — деп билдирди Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Өмүрбек Бабанов. Ал УКМК ага козгогон кылмыш боюнча пикирин Facebook социалдык түйүнүндөгү өз баракчасына жазып чыкты.

Таза жана адилет шайлоо өнөктүгүнө барганын айткан саясатчы, жарандар анын чын ниетин көргөнүн баса белгилейт.

«Бийликти басып алууга аракет кылган деген жөн гана абсурд. Шайлоодон кийин бийликти басып алууга аракет кылмак түгүл, тынчтык митингин дагы өткөргөн жокпуз. Аймактарда нааразы болуп чыккан тарапташтарымды менин жакын адамдарым токтотту», — деди Өмүрбек Бабанов.

Ал шайлоонун эртеси, алдын-ала жыйынтык жарыяланган соң маалымат жыйынын өткөрүп, эл өзүнүн ажосун шайлап алганын жарыялаганын эске салды.

«Шайлоодон кийин бири-бирибизди күнөөлөп жана оппоненттерибизге карата жасалма кылмыш ишин ойлоп таппашыбыз керек. Дагы бир жолу кайталайм. Шайлоо чыныгы атаандаштык менен өттү жана жеңүүчү аныкталды. Демократия — бул өлкөнү шайлоо аркылуу келген президенттин башкаруусу. Барыбыз биригүү менен Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуубуз керек. Тарых күн сайын жазылып жатат. Ал жол эң биринчи бийликтен көз каранды», — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир Темир (Он-Адыр) кичи районунун жашоочулары менен жолугуп, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүргүзүүдө Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу деген кине менен айыпталып, кылмыш иши козгогон.

Эң көп окулган жаңылыктар