Ош шаарында мөндүр жаап, үйлөрдүн короолорун суу катпады

11:12, 29 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында мөндүр аралаш жааган жамгырдан кийин бир нече көчөлөрдү жана короолорду суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматта кечээ Гапар Айтиев көчөсүндөгү № 3, Зайнабединова көчөсүндөгү № 17, Курманжан-Датка көчөсүндөгү № 244 көп кабаттуу турак-үйлөрдүн подъездерин жана 8 турак үйдүн короолорун суу каптагандыгы айтылат. Жабыркагандар жок.

ӨКМдин куткаруучулары мотопомпанын жардамы менен сууларды сордуруп, тазалап беришкен.