Депутат парламентке KG-номерлин кайра кайтарып берүүнү суранды

11:09, 29 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Депутаттарды шайлоочулар тааныбай жатканын айткан эл өкүлү Тазабек Икрамов KG-номерлерин кайра кайтарып берүүнү суранды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

«Шайлоочулар эл өкүлү келгенин айырмалап билиши керек. Номерлерди берсеңер өз унааларыбызда деле тагып алабыз» — деди Тазабек Икрамов.

Депутат эл өкүлдөрүнө KG-номерлерин унааларына тагып жүрүүгө тыюу салынса, анда өкмөт мүчөлөрү дагы андан баш тартуусу керек, -деп эсептейт.