2-апрелден 2-июнга чейин унааларды каттоого жеңилдик берилет. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койду.
Өкмөт аны менен уунаны сатып алууда өзүнө каттабай, ишеним келишими менен чектелгендер үчүн расмий каттатып алууга жол ачат. Статистика боюнча сатылган ууналардын жарымы расмий түрдө жаңы кожоюнга катталбай, ишеним келишими менен гана колдонууга берилет.
«Уунаны өзүнө каттоо ишеним келишимине караганда бир топко кымбат», — деп айтылат өкмөттүн маалыматында.
«Акылдуу шаар» долбоору ишке кириши менен айыппул уунанын расмий кожоюнуна жөнөтүлүп баштайт.
Андыктан өкмөт автоууна ээлерин үч ай ичинде өз атына каттоону өтүнөт.
Бул кампаниянын жүрүшүндө ууналарды кайра каттоодо базар баасынын 0,1 пайызы гана төлөнөт. Айрым транспорттор төлөмдөн бошотулат.