УКМК Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Өмүрбек Бабановго каршы бийликти күч менен басып алууга аракеттенген айыбы менен иш козгоду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине мекемеден билдиришти.
Алардын маалыматында, парламент депутатты Канатбек Исаевдин иши боюнча тергөө аяктады. Аны менен бирге үч кишиге айып тагылды. Тергөө билдирүүсүндө, Канатбек Исаев Өмүрбек Бабановдун тарапташтары менен бирге президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, бийликти күч менен басып алууну көздөгөн.
Бул иштин алкагында Өмүрбек Бабановго бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандык уюштуруу беренеси менен иш козголуп, өзүнчө бөлүндү.
Буга чейин Өмүрбек Бабановго Башкы прокуратура тарабынан саясатчынынын Ош шаарында сүйлөгөн сөзүнүн негизинде конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө, улуттук, диний кастыкты козутууга чакырыгы менен кылмыш ишин козгогон.