Ошто «Суу канал» ишканасына таандык унаа өрттөнүп кетти

12:27, 28 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Кара-Суу районунда өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Шарк айыл аймагында Ош «Суу канал» ишканасына таандык «Мерседес-Бенц 320Е» үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп кеткен. Учурда тилсин жоонун себептери такталууда.