Өзбекстанда ажатканадан мобилдик телефонду алабыз деген үч киши мерт болду

13:05, 27 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Өзбекстандын Наманган облусунда үч киши аңга түшүп кеткен мобилдик телефонду алабыз деп, газга ууланып набыт болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, окуя 26-мартта Пап районундагы үйлөрдүн биринде болгон.

Үй кожоюну мобилдик телефонун ажатканага түшүрүп жиберип, кошунасын жардамга чакырган. Ал аңга түшүп, эс-учун жоготуп койгон. Аны куткаруу үчүн дагы эки эркек аңга түшкөн. Баары деми кысылып, мерт болгон.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга окшогон кырдаал жаралса, куткаруучуларды жардамга чакырууга үндөйт.