15:45
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өрт кызматкерлерине карата 6 кылмыш иши козголду

Аскер прокуратурасы ӨКМнын өрт кызматкерлерине карата 6 кылмыш ишин козголду. Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үч ай аралыгында Аскер прокуратурасы өрт кызматындагы мыйзам бузууларды аныктап, тиешелүү кызмат адамдарына карата иш козгогон. Алар нормага жооп бербеген турак жайларга өрт-техникалык коопсуздук корутундусун беришкен.

«Көп кабаттуу турак жай курулууда бардык өрт коопсуздук чаралары эске алынышы керек. Бирок 2016-2017-жылдары өрткө каршы күрөшүү кызматынын адистери кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, нормага жооп бербеген турак жайларга оң корутунду беришкен», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар